Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова мурда өкмөттүк эмес уюмда иштеп жүргөн Рита Карасартованын Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинине директор болуп дайындалышын сынга алды.
“Алар өсүп келе жаткан балдардын келечегин ойлобойт. Биздин балдар “Улуу Ата Мекендик согушта Америка жеңген” деп эсептешин каалап жатышабы?” – деди Строкова.
Ал ошондой эле Гапар Айтиев атындагы музейде уюштурулган алгачкы феминисттик көргөзмө боюнча сөз кылып, иш-чаранын уюштуруучулары коомчулукта каршылык аракеттер болорун билишкенин жана ал жерде атайын чагымчылык аракеттер болгонун айтты.
“Тартипти киргизиш үчүн катуу кол керек. Бир дагы мамлекетте ишмердүлүк жүргүзгөн 10 миң өкмөттүк эмес уюм жок. Мандат боюнча иштешсин. Башка өлкөнүн эмес, элдин жыргалчылыгы үчүн гана иштегендерин калтыруу керек”, – деди депутат.
Кечээ, 3-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп Рита Карасартова дайындалган. Агенттикти буга чейин жетектеген Таалайбек Чолпонкулов өз арызы менен кызматтан бошотулган. Чолпонкулов бул кызматта 2009-жылдан бери иштеп келген.