Феминисттер уюштурган иш-чарага укуктук баа берилиши керек. Мындай пикирин депутат Курманкул Зулушев парламенттин жыйынында айтып чыкты.
Ал учурда Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде аялдардын экономикалык эркиндигин коргоо максатында «Феминале» деп аталган көргөзмө коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынып жатканын айтып, мындан улам жылаңачтанып чыккан кыздардын жоругуна укук коргоо органдары кандай баа берип жатканына кызыкты.
“Биз бала кезден баарыбыз билебиз – айыл да, шаарларда аял киши жылаңачтанып басмак турсун ич кийимин көрүнөө жайган эмес. Демек, бул коомчулуктун дүрбөлөң түшкөнүнө маани беришибиз керек. Коомчулук айтып жатат, парламентте депутаттар кайрылып атат. Бирок биздин укук коргоо органдары эмне иш кылып жатат? Биз реформанын алкагында Жоруктар, Бузуулар кодексин кабыл алып бергенбиз. Укук коргоо органдары Бузуулар кодексине каттадыбы же Бирдиктүү реестрге каттадыбы? Кандай мыйзамдуу баа берип жатат? Тарых музей – коомдук жай. Коомдук жайда жылаңачтанып басуу кандай бааланат? Мыйзамдуу баасын алышы керек”, – деди Зулушев.
Бүгүн депутат Махабат Мавлянова да Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде феминисттер уюштурган көргөзмөнү сынга алып, маданият министри Азамат Жаманкуловдун да жоопкерчилигин кароо сунушун айтты.
29-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде аялдардын экономикалык эркиндигин коргоо максатында «Феминале» деп аталган феминисттик көргөзмө өткөрүлгөн. Бул көргөзмөдө жылаңачтанып чыккан кыздар коомчулуктун тепкисинде калып, алардын мындай иш-аракети социалдык тармакта азыр да талкууланып жатат.
Маданият маалымат жана туризм министрлиги искусство үйүндө жылаңач денесин көрсөткөн кыздардын болуусуна каршы экендигин билдирип, “заманбап искусствонун мындай провокациялык чакырыктарын колдобойт” деп айткан.
Бул окуядан кийин Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева өзүнүн жазган арызынын негизинде кызматын тапшырып, музейдеги айрым экспонаттар алынып салынган.