Джеки Чан эмне себептен кеме сатып алды?

Джеки Чан эмне себептен кеме сатып алды?
27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 11:01

Дүйнөгө белгилүү актер Джеки Чан "Жуйин" («Ажыдаар») деп аталган кеме сатып алды.

Кеменин узундугу 38,1 метр, ал эми туурасы 7,4 метр түзөт. Ошондой эле анын корпусунда Джеки Чанның логотиби бар.

Бортунда караоке залы, кинотеатр, сауна менен машыгуу залы бар. Кеменин дубалы менен полу жыгачтан, эмректер кара териден тигилген. Мындан сырткары кемеде тик учак конуучу аянт да бар.

Актер кемени жаңы фильмин түшүрүү үчүн алганын айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!