Билл Клинтон Жорж Бушка байпак белек кылды

10-Апр. 2017, Дүйшөмбү

АКШнын мурдагы өлкө башчысы Жорж Буштун улуусуна учурашууга барган экс-президент Билл Клинтон устатына байпак белек кылды. Бул тууралуу Клинтон "Twitter" тармагындагы баракчасына жазган. Ошондой эле Бушка эки жуп байпак берип жаткан сүрөтүн койгон.

“Хьюстон шаарында Жорж Буш жана анын жубайы менен күнүбүз көңүлдүү өттү. Балдар, неберелер жана өткөн кеткендер, анан албетте байпак тууралуу сүйлөштүк”,-деп жазган Клинтон.

Жорж Буштун улуусу ачык түстө, көңүлдүү сүрөттөрү бар байпактарды сүйгөн коллекционер катары белгилүү.

Январь айында пневмония менен ооруган Буштун улуусу Хьюстон шаарында ооруканага жаткырылган. Ага удаа аялы Барбара да ооруканада дарыланган. Буш жасалма дем алдыруучу аппараттын жардамы менен жакшы болгондон кийин жандандыруучу бөлүмдөн кадимки палатага которушкан. Алгач жубайы, андан соң өзү ооруканадан айыгып чыгышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!