Меркель: ЕБдеги өнүгүүлөр тынчсыздандырарлык

7-Март 2017, Шейшемби

Германиянын канцлери Ангела Меркель Европа биримдиги (ЕБ) өнүгүүнүн абдан татаал баскычында экендигин дүйшөмбүдө Версаль сарайында Франция, Испания жана Италиянын лидерлеринин катышуусунда өткөн конференцияда билдирди.

ЕБдин баштапкы иштерин аткарууга дал ушул Рим милдеттүү деген канцлер биримдик глобалдашуу, экономикалык динамика, климатты коргоо, террорчулук менен күрөш жана миграция кризиси сыяктуу олуттуу көйгөйлөргө туш келгенин кошумчалады.

“Булар нааразычылык, жумушсуздук, глобалдык дүйнөдө ЕБдин орду боюнча тынчсыздануулар анан, албетте Улуу Британиянын биримдиктен чыгуусу”,-деди Ангела Меркель.

Версаль сарайында ЕБдин лидерлери Рим келишимине кол коюлганынын 60 жылдыгы же мааракелик саммитке даярдыктарды талкуулады. Жолугушууга Франциянын президенти Франсуа Олланд, Италиянын премьер-министр Паоло Жентилони жана Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой катышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!