Украина Кыргызстан менен биргелешкен ишкана түзүүгө кызыкдар

6-Июль 2017, Бейшемби

Украина Кыргызстан менен биргеликте ишкана куруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө даяр. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода өнөр-жай палатасынын жетекчиси Нурлан Мүсүралиев менен Украинанын Соода өнөр-жай палатасынын жетекчиси Сергей Свистель менен жолугуу учурунда белгилүү болду.

Жолгушуунун жүрүшүндө Свистель Кыргызстандык ишкерлериди күз айларында эки өлкө ортосундагы биргелешкен соода-экономикалык байланышты калыбына келтирүү үчүн Украинага чакырды.

“Евро биримдигинин рыногуна продукция чыгаруу үчүн биргелешкен иш кана ачуу кызыктырат. Бир сөз менен айтканда биз карай турган маселелер көп. Биз Европага товар чыгарууга кызыкдар болгон Кыргызстандык ишкерлерди мамиленин жаңы келечектүү багытары менен таанышып кетүүгө чакырабыз”,-дейт Свистель.

Ал эми Мүсүралиев өз кезегинде Кыргызстандын айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кийим тигүү тармагынын келечеги кең экендигине токтолду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!