Жетекчиге 18 миң сом айып салынды

13-Июль 2017, Бейшемби

Баткен райондук суу чарба башкармалыгына сууну сарамжалсыз пайдалангандыгы үчүн 18 000 сом айып салынды. Бул туралуу Экологиялык техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.

Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан Баткен суу чарба башкармалыгын текшерүүгө алганда, ишкананын карамагындагы магистралдык каналдарынан аккан суулар кароосуз калгандыгы аныкталган. Тагыраак айтканда, сууну агымын, өлчөмүн көзөмөлдөгөн адис тарабынан иш жүргүзүлгөн эмес. Натыйжада сууну жергиликтүүлөр өз билемдик менен үйлөрүнө түтүкчөлөр, ар кандай жабдыктар аркылуу сууну колдонуп келишкен.

Жеринде инспекторлор тарабынан акты, протоколдор толтурулуп, тиешелүү иш жүргүзбөгөндүгү үчүн Баткен суу чарбасынын жетекчиси С. Эрматовго 18 000 сом айып салынды.

Көрсөтмөдө белгиленген ири кемчиликтерди жоюу үчүн бир айлык мөөнөт берилди. Ал эми жеринде аныкталган айрым кемчиликтер инспекторлордун көрсөтмөсү менен жеринде жокко чыгарылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!