Орточо айлык акы 14,2 миң сомду түздү

26-Май 2017, Жума

2017-жылы номиналдуу орточо айлык акы 14 миң 203 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кичи ишканаларды эске албаганда айлык акы 5,6 пайызга жогорулаган. Аймактар боюнча эң жогорку көрсөткүч Нарын областында орточо айлык маяна 14 миң 142 сом, андан кийин Жалал-Абад, Чүй областтары турат. Эң аз айлык 9 миң 677 сом Ош областында байкалган. Ал эми Бишкек шаарында бул көрсөткүч 18 миң 449 сомду түзгөн.

Расмий маалыматка ылайык бюджеттик эмес тармактарда иштегендер бюджеттен маяна алгандарга карганда 58 пайызга көп алышат. Алардын орточо айлыгы 19 миң 495 сом.

Эскерте кетсек, Үстүбүздөгү жылдын январь айында орточо айлык 13 миң 768 сомду түзгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!