Эң кымбат “Apple Store” салынды

7-Июль 2017, Жума

«Apple» компаниясы Чикаго шаарында жаңы дүкөндүн курулушун аяктады. Бул “Apple Store” компаниянын тарыхында баасы эң кымбат курулуш болду.

Дүкөндүн дизайны «Foster+Partners» студиясынын жардамы менен жасалды. Эки кабаттуу курулуш Чикагонун жанында орун алган. Анын аймагы 1800 чарчы метрге жетсе, айнек имараттын чатыры «MacBook» ноутбугунун элесин берип турат. Бул имаратты салууга компания 62 миллион долларга жакын каражат жумшаган.

Сан-Франциско шаарындагы ар бир дүкөнгө жумшалган каражат буга караганда үч эсе аз. Чикагодогу “Apple Store” компаниясынын тарыхында эң кымбат дүкөн катары калаары анык. Дүкөндүн ачылуу салтанаты азыркы күнгө чейин белгисиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!