Апрель окуясына карата Бишкектин жолдору жабылат

3-Апр. 2017, Дүйшөмбү

“7-апрель элдик революциянын жети жылдыгына” карата 7-апрель күнү Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө Киев көчөсү менен Чүй проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн тарта Эркиндик проспектисине чейин унаа кыймылы үчүн жол жабык болот. Бул тууралуу ИИМдин Кайгуул милиция башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кыймылына чектөө таң эртеден тарта түн ортосуна чейин киргизилет.

Мындан улам бул күнү айдоочулар өзүнө ыңгайлуу жолду тандап, авто унааларды төмөнкү даректер боюнча токтотууга болот:

- Шопоков көчөсү — Киев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин;

- Мурдагы “Нарын” ресторанынын аймагы;

- Опера жана балет театрынын аймагы;

- Тыныстанов көчөсү — Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин;

- Эркиндик проспектиси — Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин;

- Раззаков көчөсү — Фрунзе көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейин;

- Орозбеков көчөсү — Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолуна чейин;

- Панфилов көчөсү — Фрунзеден Жибек Жолуна чейин;

- Тоголок Молдо — Фрунзеден Жибек Жолуна чейин;

- Раззаков көчөсү — Киевден Токтогулга чейин;

- Орозбеков көчөсү — Киевден Токтогулга чейин;

- Рыскулов көчөсү — Тоголок Молдодон Манас проспектисине чейин;

- Абдымомунов көчөсү — Тоголок Молдодон Исановго чейин;

- Абдымомунов көчөсү — Тыныстановдон Абдрахмановго чейин;

- Жумабек көчөсү — Тыныстановдон Ибраимовго чейин;

- Логвиненко көчөсү — Фрунзеден Жибек Жолуна чейин;

- Исанов көчөсү — Жибек Жолунан Киев көчөсүнө чейин.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!