“Торугарт” бекети убактылуу жабылды

19-Апр. 2017, Шаршемби

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” өткөрүү пункту убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

“Кытай тараптын демилгеси менен селден кийинки калыбына келтирүү иштерине байланыштуу 18-апрелде кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт унаа жолу” өткөрмө жайы убактылуу ишин токтотот”, — деп айтылат билдирүүдө.

Өткөрмө жайынын кайра ачыла турган күнү тууралуу кошумча маалымдалат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!