​Атай Өмүрзаков өкмөткө таарындыбы?

5-Июль 2017, Шаршемби

Белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков соцтүйүн аркылуу кыргыз өкмөтүнө билдирүү калтырган. Билдирүүдө 15 ай мурун өкмөткө кайсы бир маселе боюнча кайрылган. Бирок азыркы күнгө чейин тийиштүү жооп алган эмес.

«Өкмөткө ыраазычылык билдирем. Биздин өкмөт сыяктуу жоопсуз калтыргым келбейт 15 ай бою жооп бербей келишип, жыйынтыгында эч бир тыянак чыккан жок. Мен таарынган жокмун жана таарынбайм деле жөн гана жообун созбой жок дешсе болмок.

Ар дайым биздин өкмөттү түшүүнүгө аракет кылгам. Эч качан демөөрчүлүк жардам сурап кайрылган эмесмин, баардыгын өзүбүз бүтүргөнгө аракет кылчубуз. Мен мурдагы президент берген үй боюнча да кайрылып сураган эмесмин. Себеби өлкөдө болуп жаткан абалды түшүнгөм. Бирок мындай эң жөнөкөй ишти аткарууда түшүнүү кыйын.

Албетте жаркын келечек үчүн, ишеним эч качан өчүп калбаш керек. Бирок мындай учурда жалындаган от да өчүп, бир нерсеге болгон кызыгуун да жоголо баштайт.

Ишиңиз үчүн ыраазымын»,-деди Атай Өмүрзаков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!