Соцтармакты колдонуучуга кылмыш иши козголду

5-Июль 2017, Шаршемби

“Вконтакте” социалдык тармагында улут аралык кастыкты козуткан билдирүүлөрдү жазган Ахмад Асадуллаев деген ысым менен катталган колдонуучунун өздүгү аныкталып, ага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жаран “Вконтакте” социалдык тармактагы баракчасы аркылуу улут аралык кастыкты козутуудан тышкары, Кыргызстандын мамлекеттик символдоруна шек келтирген пикирлерин билдирген.

Филологиялык жана политологиялык экспертизанын жыйынтыгында жарандын жазгандарында улуттар аралык мамилени козутуу, улуттук баалуулуктарды басмырлоо сыяктуу аракеттер бар экени аныкталган.

Аталган факт боюнча А.Ж аттуу жаранга Кылмыш жана жаза кодексинин “улуттук (этнос аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга багытталган уюшкан иш-аракет” беренесинин негизинде кылмыш иш козгоп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!