Чет өлкөлүктөр Кыргызстанда (фото)

6-Июль 2017, Бейшемби

Германиянын Бинген шаарынан Кыргызстанга саякатка келген турист Рольф Буеттнер кыргыз жеринене суктанып, түркүн кадрыларды тартып алган. Бир катар сүрөттөрдү соцтүйүндөгү өздүк баракчасына жарыялады.

Ал Кыргызстандын аймактарын кыдырып, жергиликтүү элдин жашоосу менен жакындан таанышкан. Учурда Түндүк Тянь Шанда саякатто менен бирге эс алып жүргөн убагы.

«Кыргызстан. Бүгүнкү ирмем: Түндүк Тянь Шань. Тоту куштар (3.300м) андан өтүп капчыгай аркылуу бүркүттөр. Кийин аты белгисиз жерлерге чейин уланат. Биз ал жерден атын «Бютнер» деп атап алдык. Эми анын аты бар. Эртеңки мындан аркы сапарыбыз Кытай менен чектешкен Таянь Шанда уланат»,-деп пикирин калтырган турист.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!