Жол кырсыгынан 3 адам каза тапты

9-Авг. 2017, Шаршемби

Бүгүн, 9-августта Сузак районунун Беш-Бала айылында 2 унаа кагышып, анын кесепетинен 3 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык “Volkswagen Vento” менен “Hyundai Kari” үлгүсүндөгү жеңил унаалардын катышуусунда болгон. Анын кесепетинен 3 адам каза болгон. Андан тышкары жолдо өтүп бара жаткан жеке менчик унаалар ар кандай жаракат алган 3 адамды Жалал-Абад шаардык ооруканасына жеткиришкен.

Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!