Токтогул ГЭСине жаңы жабдуу алынды

6-Июль 2017, Бейшемби

Токтогул ГЭСин модернизациялоо иштеринин алкагында жаңы трансформатор алынып келинди.

Бул тууралуу «Электр станциялар» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эски жабдуулардын ордуна жаңы трансформаторду орнотууга даярдык көрүлүп жатат. Ал эми транформатор менен кабелди кошууну 3-лот боюнча аткаруучу компаниясы аткарат.

Жаңы трансформатордун артыкчылыгы - жарылуу жана өрт чыгуунун алдын алуу тутумуна ээ. Ошондой эле, иштөөсү менен май деңгээлине дайыма мониторинг жүргүзүлүп турат.

Жабдуунун баасы 2 млн. 34 миң 620 долларды түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!