Президент кесиптешин куттуктады

6-Июль 2017, Бейшемби

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, өлкө жетекчисинин куттуктоосунда боордош Казакстандын ийгиликтери, социалдык-экономикалык жетишкендиктери, дүйнөлүк деңгээлдеги долбоорлорду ишке ашыруу жана эл аралык аренадагы өлкөнүн кадыр-баркын бекемдөө көрөгөч саясаттын көрүнүктүү жыйынтыктары экендиги белгиленген.

«Сиздин кесиптик жана турмуштук бай тажрыйбаңыз дайыма Казакстан элинин колдоосуна татыктуу болгон Сиздин көп кырдуу жана жемиштүү мамлекеттик ишмердигиңиздин бекем негизи болуп саналат”,- деген Атамбаев.

Президент тең укуктуу жана өз ара пайдалуу кызматташууга негизденген достуктун, жакшы коңшулаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн кыргыз-казак мамилелери бир тууган эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгында мындан ары дагы чыңдалып жана өнүгө берет деп ишенет.

Алмазбек Атамбаев президент Нурсултан Назарбаевге чың ден-соолук, мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми бир тууган Казакстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев 1940-жылы 6-июлда Алмата облусунун Чемолган айылында туулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!