Атамбаев Зилалиевди кабыл алды

6-Июль 2017, Бейшемби

Бүгүн, 6-июлда президент Алмазбек Атамбаев Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктары мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Зилалиев гидроэнергетикалык тармакка жана өлкөнүн энергетикасын өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берди.

Комитеттин жетекчиси республиканын дарыяларына ири жана чакан ГЭСтерди куруу жолу менен жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүүнү болжолдогон долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пландарды ортого салды.

Президент Алмазбек Атамбаев электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылуу жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун мындан ары чыңдоо үчүн өлкөнүн гидроэнергетикасын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду сапаттуу ишке ашыруунун маанисин белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!