Мектеп! Жол белгилер орнотулууда

14-Июль 2017, Жума

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы мектептерге жана бала бакчаларга жакын көчөлөргө жол белгилерин орнотууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Айдоочуларга эскертүүлөр жазылган жол белгилери Бишкектин бир катар аймагында орнотулууда.

«90 мектеп жана 70 бала бакчага «Көңүл бургула мектеп!» деген аталыштагы жол белги орнотулмакчы. Мындай белгилер КМШнын кирген мамлекеттерде дагы орнотулган»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, акыркы жылдары шаарда айдоочулар окуучуларды коюп кеткен учурлар көп катталууда.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!