ЖТРде маалымат борбору ачылды

14-Июль 2017, Жума

Жыйырма беш жылдан ашуун тарыхы бар Жалал-Абад мамлекеттик, облустук телерадио коппаниясында биринчи жолу өзүнүн маалымат борборун ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымат борборунун ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдыев жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө област башчысы ЖМТРКнын эмгек жамаатын жакшы саамалык менен куттуктап, аларга ийгиликтерди каалады.

"Бүгүнкү күнү областыбыздын жүзү болгон ЖМТРКда жакшы бир саамалык болууда. Албетте, бул жакшы көрүнүш. Чындыгында студиялардын жаңыланганын көрүп бир топ ичим жылыды. Мындан сырткары, пресс-конференция өткөрүлө турган зал абдан мыкты экен. Мына ушул жерден областтагы жакшы жетишкендиктер тууралуу маалыматтар чартарапка таркатып турушуна тилектешмин", - деди К. Сатыбалдиев.

Белгилей кетсек, жыл башына бери мамлекет тарабынан аталган телерадиокомпанияны оңдоп-түзөө үчүн 400 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Ал эми аталган Жалал-Абад мамлекеттик облустук телерадио компаниясы 1991-жылы 8-декабрьда негизделип, бүгүнкү күнгө чейин област, республика калкына маалымат таркатып келет. Азыркы тапта ЖМТРКда 36

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!