​Үч эмдин ата-энесине жардам көрсөтүлдү

14-Июль 2017, Жума

Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев үч эмди жарык дүйнөгө алып келишкен Кошириновдордун үй-бүлөсүнөн кабар алды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Алиев үч эмге бекем ден соолук, бакыт каалады. Ал үч эмдин ата-энесине белектерди жана бир жолу берилүүчү материалдык колдоо иретинде 90 миң сом акчалай жардам көрсөттү.

Үч эмдер Алена, Алексей жана Сергей алар ушул жылдын 22-май күнү жарык дүйнөгө келишкен эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!