Атамбаев америкалык ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту

22-Сен. 2017, Жума, 11:08

Президент Алмазбек Атамбаев АКШга жасаган иш сапарынын алкагында Америкадагы ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууга Baker & McKenzie LLP, General Electric, AGCO Corporation, Coca-Cola, Сiti, Oppenheimer&Со, Inc, Visa Inc, Microsoft, White 64, AES, John Deere компанияларынын өкүлдөрү жана кыргыз-америка ишкерлер кеңешинин уюштуруучулары катышты.

Ал чет элдик инвесторлорго шарт түзүү боюнча Кыргызстанда көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди. Ошондой эле кыргыз лидери өлкөдө бизнес корголгонун, салык төмөндөтүлөрүн айтып, чет элдик ишкерлерди инвестиция тартууга үндөдү.

Белгилей кетсек, ушул жылы жайында жогоруда аталган америкалык компаниялардын өкүлдөрү Кыргызстанга келип, кыргыз-америка бизнес форумуна катышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!