17 жаштагы Элдияр Калыгулов изделүүдө

22-Сен. 2017, Жума, 12:30

Панфилов районунда 17 жаштагы Элдияр Калыгулов изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 18-сентябрь күнү саат 18:30 чамасында Кайыңды шаарчасындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: боюу 160-165 сантиметр, орточо дене түзүлүштө, көзү кара жана чачы күрөң.

Кийген кийимдери: кара свитер, кара түстөгү спорттук шым, бутуна кара түстөгү спорттук бут кийим.

“Эгер аны көрүп-билгендер болсо, 0 (312) 43-01-27; 0 (312) 43-88-85; 0 (550) 88-87-24; 0 (701) 50-27-03 номурларына чалып, кабарласа болот”, - деп айтылат Чүй ОИИББинин билдирүүсүндө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!