Тажикстанга бара жатканда кармалды

23-Ноя. 2017, Бейшемби, 12:27

Кыргыз-тажик чек арасындагы “Кызыл-Бел-автожол” өткөрмө бекетинен башка жарандын паспорту менен өтүп бараткан аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 38 жаштагы Г.И., аттуу кыргыз жаранынын паспортун чек арачылар текшерген учурда ал башка кыргыз жаранына таандык паспортту көрсөткөн. Кармалгандын айтымында, өзүнүн паспортун жоготуп алып, чек арадан тууганынын паспорту (ID-card) менен өтүүгө аракет кылган. Кармалган аял Тажикстанга туугандарына бара жаткан.

Бардык керектүү документтер чогултулуп, ИИМнин аймактык кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!