​FIFA: Футбол командасы 132-орунга түштү

​FIFA: Футбол командасы 132-орунга түштү
1-Июнь 2017, Бейшемби

Кыргызстандын улуттук футбол курама командасы дүйнөлүк FIFA рейтингинде 132-орунду ээледи. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда рейтингдин жаңыланган версиясында маалым болду. Ал эми Азия футболдук конфедерациясында кыргызстандык команда 21-орунду ээледи.

Жаңы рейтинге ылайык, Мьянма 163-орунда, Макао 184-орунда. Ал эми дүйнөдөгү ондукта күчтүү командалар болуп: Аргентина, Германия, Чили, Колумбия, Франция, Бельгия, Португалия, Швейцария жана Испания турат.

Былтыр футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы апрелдеги FIFA рейтингинде 99-орунга чейин көтөрүлүп, рекорд жаңылаган. Бирок андан көп узабай эле команданын рейтинги төмөндөп келе жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!