“Дордойдун" башкы машыктыруучусу иштен кетти

“Дордойдун
2-Июнь 2017, Жума

Бишкек шаардык “Дордой” клубунун башкы машыктыруучусу Руслан Сыдыков өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу аталган клубдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-июнда Бишкекте клубдун президенти Аскар Салымбеков жалпы жыйын өткөргөн. “Руслан Сыдыков клубдун жетекчилигинен буга чейин эле кызматынан бошотуу тууралуу кайрылуу жолдогон”,-деп айтылат маалыматта.

Сыдыков “Дордой” клубунун башкы машыктыруучулугуна 2016-жылы жай айында дайындалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!