​Кыргыз профессору шахматчыны утуп алды

​Кыргыз профессору шахматчыны утуп алды
27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 16:53

СССРдин шахмат спорту боюнча чебери Таалайбек Иманалиев англиялык гроссмейстер, дүйнө чемпиондугуна талапкер Найджел Шортту утуп алган. Бул тууралуу Борбордук Азиядагы Америка университетинен билдиршти.

Маалыматка караганда, 24-ноябрда өткөн акыл таймашында Таалайбек Иманалиев Улуу Британиянын үч жолку чемпиону менен шахмат ойногон. Анда жалпысынан 2,5 саатка созулган акыл таймашында кыргыз спортчусу англиялык шахматчыны 1:0 эсебинде жеңип алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!