Таж-Махалдын өңү өзгөрүп баратат

2-Май 2018, Шаршемби, 12:22

Индиянын Конституциялык соту өлкөнүн сыймыгы болгон Таж-Махал кирден улам өңү өзгөргөнүн билдирип, өкмөттөн эл аралык колдоо издөөнү тапшырды.

Баш мыйзам сотунун маалымат катчысы өкмөткө кайрылуусунда “Колуңарда мүмкүнчүлүк болуп турса да аны пайдаланбайсыңар. Балким оюңарда жок”,-деген каршы пикирин айткан.

17-кылымда ак мрамор таштар менен курулган Таж-Махал кирден улам алгач саргара баштаган. Эми айрым желери күрөң жана жашыл болуп бара жатканы белгилүү болду. Эстеликтин түсүнүн өзгөргөнүнө абанын булгануусу, курулуштардын чыккан чаң себеп болгон. Ошондой эле ага жакын жайгашкан Ямуна суусу канализацияга айланганы чымы-чиркейлердин көбөйүүсүнө шарт түзгөн.

Индия өкмөтү буга чейин Таж-Махалга жакын жайгашкан миңдеген завод, фабрикаларын жабуу, көчүрүү жагы тапшырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!