Путин Медведев менен жолго чыгууну чечти

10-Май 2018, Бейшемби, 11:41

Жаңы президенттик кызматына киришкен Россиянын лидери Владимир Путин кызматын өтөп жаткан Дмитрий Медведевди кайрадан өкмөт башчылыкка талапкер катары Думага сунуштаган.

Думанын төрагасы Вячеслав Володин буга чейинки билдирүүлөрүндө Путин премьер-министрликке талапкер катары көрсөткөн адам парламенттеги фракциялардын лидерлери менен өз өзүнчө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөөрүн айткан эле.

Дмитрий Медведев Путиндин инаугурациясынан кийин өкмөттүн башка мүчөлөрү сыяктуу эле кызматынан кеткен. Кайра иш ордуна келиши үчүн Медведевдин талапкерлигин Дума бекитиши керек.

Дмитрий Медведев 2012-жылдан бери премьер-министрлик кызматы аркалап келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!