Америкалык өспүрүм Рим папасын өлтүрүүгө камданган

4-Апр. 2017, Шейшемби

АКШнын 17 жаштагы жараны Сантос Колон Рим Папасы Францискке кол салууну пландаганын мойнуна алды.

Нью-Джерси штатынын Линденуорлд шаарынын тургуну планын 2015-жылдын сентябрында Рим Папасы Францисктин Филадельфия шаарына болгон зыяратында ишке ашырмак.

Өспүрүм жардыруучу заттарды сатып алып, өз алдынча бомба жасамак. Аларды шаардын бардык жерлерине орнотууну жана снайпер жалдоону каалаган.

Федералдык иликтөө бюросунун көзүнө түшкөн Колонду 2015-жылы аталган бюрону агенттери кармап кетишкен.

АКШнын мыйзамына ылайык ал 15 жыл эркинен ажыратылышы мүмкүн. Андан тышкары 250 миң доллар айып пул салынары болжолдонууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!