Балдары аздарга салык салуу сунушталды

10-Май 2017, Шаршемби

Россияда Демография, миграция жана аймактык өнүгүү институтунун директору Юрий Крупнов президент Владимир Путинге мыйзам долбоорун жиберди. Анда аз балалуу үй-бүлөлөрдөн салык алуу зарылдыгы сунушталган.

“Известия” гезитиндеги маалыматка ылайык, Путинге жиберилген мыйзам долбоорунда Россиядагы көп балалуу үй-бүлөлөргө кошумча колдоо көрсөтүү, ал эми балдары аздардан ашыкча салык алуу жагы жазылган. Анда 3-4 балалуу үй-бүлөлөргө айына 25 миң рубль, 5-7 балалууларга айына 45 миң рубль, 7 жана андан көп балдары барларга ай сайын 100 миң рубль колдоо көрсөтүү сунушталган. Мындан тышкары бүлөсү көптөргө музыкалык инструменттер, туристтик жолдомо сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү кароо зарылдыгы айтылган.

Анткен менен аз балалуу үй-бүлөлөргө киргизилчү салыктын көлөмү тууралуу маалыматтар жазылган эмес.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!