Трамптын импичментин иликтөө талап кылынды

4-Апр. 2017, Шейшемби

Массачусетс штатында Кембридж шаардык кеңеши АКШнын президенти Дональд Трамптын импичменти мүмкүн экендигин, ага байланыштуу иликтөө иштерин баштоо боюнча резолюция кабыл алды. Бул тууралуу “Ассошиэйтед Пресс” агенттиги кабарлаган.

Агенттиктин маалыматына караганда резолюцияда Трамптын ишкерлигине байланыштуу иштери Американын Конституциясындагы мамлекеттик кызматкерлер чет өлкөлөрдөн, федералдык өкмөттөн жана штаттардын жетекчилеринен белектерди алууга тыюу салган беренелерге таасир этип, этпегендигине байланыштуу иликтөөлөрдү жүргүзүү жагы каралган. Документти кабыл алууга кеңештин жети мүчөсү добуш берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!