Химиялык чабуулду айыптаган долбоор сунушталды

5-Апр. 2017, Шаршемби

АКШ, Британия жана Франция Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешине Сириянын Идлиб провинциясына колдонулган химиялык чабуулду айыптаган резолюция долбоорун сунуштады.

Коопсуздук кеңешинин туруктуу үч мүчөсү жетимиштен ашык адамдын өмүрүн алган чабуулга Башар Асадды жоопкерчиликтүү деп эсептеген. Ошондой эле Сирия өкмөтү эл аралык иликтөө жүргүзүүгө уруксат бериши керектигин белгилеген. Инспекторлорго учуулар боюнча планды, борттук журналды берүүсүн талап кылган. Адистерге тик учактардын командиринин атын атоону, учууларды ишке ашырган авиабазаны көрүп чыгууга мүмкүнчүлүк түзүү зарылдыгын айткан.

“Бул аскердик кылмыш экени анык. Буга чейин өз укуктарын актаганга мүмкүн эместерди актаганга колдонгон Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүн ойлорун өзгөртүүгө чакырам”,-деген Британиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Мэтью Райкрофт.

4-апрелде Хан-Шейхун шаары бомбалоого кабылган. Сириялык укук коргоочулар шаардын үстүнөн учкан учактар өкмөттүк же россиялык авиацияга таандык болушу мүмкүн экендигин билдиришкен. Күбөлөрдүн айтымында авиа соккудан кийин жердегилер тумчуга башташкан. Көптөрү жерде кыймылсыз жатса, айрымдарынын оозунан көбүк чыкканын көрүшкөн. Британиядагы Адам укуктары боюнча сириялык борбордун мониторинги боюнча курмандыктардын саны 72ге жеткен. Алардын жыйырмасы бала, он жетиси аял экени белгилүү болду.

Сириялык аскерлер химиялык чабуулга катыштыгы жок экендигин билдирген. Ал эми Россиянын Коргоо министрлиги алардын авиациясы ал райондо болбогонун маалымдаган. 5-апрелге караган түнү Россия сириялык авиация Хан-Шейхун провинциясындагы террорчулардын ок дары жана аскердик техникаларды сактаган кампасына сокку урганын кабарлаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!