13 жаштагы вундеркинд медициналык институтка өттү

30-Авг. 2017, Шаршемби

Кытайда Чэнь Шуинь атуу кызды университетке 12 жашында кабыл алышты. Ал 2004-жылы 15-августта төрөлгөнүн, жакында эле 13-жашка чыгып, туулган күнүн белгилегенин “Жэньминь жибао” гезити жазды.

Чэнь Шуинь 6 жашында биринчи класска барган. 7 жашында орто мектептин биринчи баскычынан өтсө, 9га чыкканда Чжаньцзян шаарындагы орто мектептин жогорку баскычын аяктаган. 12 жашында Шуинь Жогорку окуу жайларына тапшыруу сынактарына катышкан. Жакшы жыйынтыктарынан улам Чжэцзян университетинин Медициналык институтунун эксперименталдык тобуна кабыл алынган.

Ата-энесинин айтымында кызы мындай ийгиликтерге кошумча сабактардын жана ата-энесинин жардамы жок эле жетишкен. Атасынын айтымында кызы кичине кезинен окуганды өздөштүргөн. Окуганга кызыгуусу күч болгондуктан 1-класска чейин башталгыч мектептин окуу программасы менен таанышкан.

Шуинь өзү кызыккан медициналык окуу жайды тандап алган. Жайкы каникул учурунда ал буга тиешелүү китептерди, генетика боюнча материалдарды окуган. Келечекте ал изилдөө иштерине көңүл бурарын, докторлук даража алганча билимин улантарын билдирген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!