Роналду төртүнчү ирет ата болду

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 11:02

Мадриддин “Реал” командасынын жана Португалиянын футбол боюнча курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду төртүнчү баласы төрөлгөнүн “Instagram” тармагындагы баракчасына жазды.

“Алан Мартин жаңы төрөлдү! Апасы жана кызы өзүн жакшы сезип жатышат. Бардыгыбыз бактылуубуз”,-деп жазган футболчу.

32 жаштагы Роналду үч балалуу болгон. Жети жаштагы Кенже Криштиану аттуу уул, 2017-жылы төрөлгөн эгиз Ева аттуу кыздын, Матео аттуу уулдун атасы.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!