Лавага чөккөн камера “аман” калган

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 11:59

Лаванын агымында калган “GoPro” камерасы ишин улантып жатканын “YouTube” сайтында “PetaPixel” каналынан көрүүгө болот. Видео жаздыруулар жарыяланганда көрүүчүлөрдүн саны 5 күндө 1,3 миллионго жеткен.

Түзүмдүн ээси Эрик Сторм Гавайидеги жанарларга экскурсия уюштурган компанияны жетектейт. Ал адам бир жарым жыл мурда бурчтан лаваны агымын тартууну каалап, камерасын орноткон. Айтымында бир учурда түзүмдү ысык масса каптаган. Бирок Сторм аны сууруп алганга жетишкен. Эригендиктен иштебей калганы болжолдогон “GoPro” камерасынын эс тутуму жана тартып калган виделору зыян тарткан эмес.

“PetaPixel” порталына ээрип, жараксыз абалга келген “GoPro” камерасынын сүрөтү жайгаштырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!