Тамекинин таңгагы өзгөрүлөт

15-Ноя. 2017, Шаршемби, 13:13

15-ноябрдан баштап Россияда тамекинин таңгагы кадимки биз көнгөн жасалгада чыкпай турган болду. Бул күнү 2016-жылдын 15-майында кабыл алынган тамеки заттары үчүн Бажы биримдигинин техникалык регламентинин өткөөл мезгили аяктайт. Эми өндүрүүчүлөр аталган заттарды таңгактоо боюнча жаңы эрежеге өтүшү керек.

Ага ылайык чылымдын кутусундагы сүрөт азыркыдай бир бетинде эмес, үстүнкү жагынын эки бетине тең түшүрүлөт. Сүрөттүн өлчөмү таңгактын жалпы аянтынын 50 пайызына гана жайгаштырылат. Жарнамалык мүнөздөгү жана керектөөнү жогорулата турган сөздөр жазылбайт. Ошондой эле, пайдалуу азык-түлүк жана мөмө кошулганы тууралуу сүрөттөр же жазууларга тыюу салынат. “Жеңил”, “жумшак” “чайырдын курамы төмөн” дегендей тамекинин зыяндуулугу аз экенин билдирген сөздөр, сөз айкаштары көрсөтүлбөйт.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!