Диетасыз арыктоонун жөнөкөй эрежелери

16-Ноя. 2017, Бейшемби, 12:23

Эгер сулуу, жагымдуу, ден соолугуңуз чың болгонун кааласаңыз, диета тууралуу оюңузга да албаңыз. Тамактануу тартибине катуу эрежелерди киргизүү — маанайды чөктүрүүчү нерселердин бири. Ар дайым дене мүчөңүз бир калыпта болуп, ашыкча салмак маселеси менен баш ооруткуңуз келбесе, жөнөкөй эрежелерди сактаңыз.

Арыктоо учурунда керектүү натыйжага жетүү үчүн татымалдардын жардамы көп тийиет. Имбир, горчица, кызыл мурч, куркума, корица диетасыз арыктоого жардам берет. Бул пайдалуу кошулмалар май кабатын ээритип, кандын курамындагы кантты калыбына келтирет да табитти басаңдатат.

Диета кармабай арыктагысы келгендердин ажырагыс досу — жашылча-жемиштер. Анын курамындагы була (волокно) ашыкча салмактан арылууга себепчи болот. Жашылча-жемишти колдонгондо, өзгөчө жашыл түскө көп көңүл бөлүңуз. Шпинат, бадыраң, сельдерей, көк чөп, капусталардын курамында көп кездешкен калий организмдеги туздун балансын иретейт.

Бөлүп тамактануу. Диетасыз тез арыктоо үчүн күнүнө алты жолу тамактанган оң. Ар бир үч саат сайын жеп туруу баарынан да жакшы чечим. Натыйжасында ашказан кичирейип, зат алмашуу процесси жакшырат. Болгону жеп жаткан тамагыңыздын өлчөмү 400 граммдан ашып кетпөөсүн эске алыңыз.

Кычкылтектин өлчөмүнө көңүл бөлүү. Пирог, торт, фастфуд, куурулган картошка сыяктуу тез салмак кошууга себепчи болгон тамактар досторкондо жумасына бир гана жолу болсо жетиштүү. Аны да жалаң гана түшкө чейин жеңиз.

Таттуулардан, газдалган суусундуктардан, тез даярдалуучу тамак-аштардан баш тарта албасаңыз, аны колдонордо өзүңүзгө шарт коюңуз. Суу ичесиз, жеңил салат жейсиз, белге тегерек (обруч) айлантасыз, кийим жыйноочу шкафты иретейсиз же бийлейсиз. Ушул шартты аткаргандан кийин гана жогорудагы тамактарды жегенге уруксат. Мүмкүн булардын баарын жасап бүткөнчө табитиңиз качып кетер.

Диетасыз арыктоодо түрткү, шыктануунун маңызы зор. Колду түрүп киришсеңиз тез жана жеңил арыктайсыз. Ал үчүн кызматтан көтөрүлүү, бекем ден соолук, жаңы сүйүү сыяктуу шыктанууңузду жойбой, жогорулатуучу максат табыңыз, болгону туурасын тандаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!