Селфи кылам деп поездин алдында калды

10-Март 2017, Жума

Италиянын түштүгүндөгү Катандзаро шаарында 3 баланын сүрөткө түшүүсү трагедия менен аяктады.

13 жаштагы Леонардо Селия Соверато станциясына жакынкы рельсте эки досу менен поезд жакындаганда селфи кылгысы келген.

Үч дос сүрөткө түшүү үчүн 2000-жылкы селде 13 адамдын өмүрүн алган темир көпүрөдөгү темир жолду тандаган. Ошол мезгилде Таранто- Реджо-ди-Калабрия сапарында бара жаткан поезд Леонардо Селияны сүзүп, 10 метрге чейин сүйрөп кеткен. Бала окуя болгон жерде көз жумса, эки досу качып кетүүгө үлгүргөн.

Машинист балдарды байкаганы менен поезди токтотууга үлгүрбөгөнүн билдирди. Ал эми аман калган балдар ата-энелери менен суракка чакырылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!