Саякатчы Атлантика океанын 93 күндө сүзүп өттү

10-Март 2017, Жума

42 жаштагы адам бул сапарга 120 миң доллар жумшаган

Түштүк африкалык Крис Бертиш дүйнөдө биринчилерден болуп Атлантика океанын калактуу кайык менен кесип өткөнүн "Тhe Guardian" гезити жазды.

93 күн мурда Марокконун Агадир шаарынан башталган саякат 9-мартта Кариб деңизиндеги Антигуа аралында жергиликтүү саат 8:32де аяктаган.

Ал бул сапарга 120 миң доллар жумшаган. Ага британиялык конструктор Фил Моррисон алты метрлик кайык жасап берген.

Анын алдыңкы бөлүгүнө Бертиш үчүн уктоочу жай жасалган. Андан тышкары саякатка керектүү жабдыктар GPS системасы, УКВ-радио, автопилот, спутник телефон жана ичүүчү суу коюлган.

Түндүк африкалык адам күнүнө 69 чакырымды сүзүп өтсө, акыркы күнү ал 96,5 чакырым жол жүргөнүн билдирген.

Басылмадагы маалыматка караганда саякатчы түнкүсүн жол жүргөн. Ага көбүнчө протеин коктейли, тоңдурулган жана жарым жартылай даяр азыктар күч берген.

Ал саякатты аяктаарына бир саат калганда Крис Бертиш Фейсбуктагы баракчасына “Ушул күн, ушул долбоор үчүн беш жыл эмгектендим!”,-деп жазган.

Ошондой эле ал 93 күнгө созулган сапарында акула, шамал жана жалгыздыкка туш келгенин белгилеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!