Кытай Мьянманын снарядына кабылды

9-Март 2017, Бейшемби

Аталган өлкөнүн Юньнань провинциясындагы Наньшань аттуу жерге козголоңчулар менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда жаңжал жүрүп жаткан Мьянма тараптан снаряд атылды.

“South China Morning Post” басылмасынын маалыматтарына караганда мейманкананын жанына түшкөн жарылуучу заттан Кытайдын бир жараны жабыркаган.

Белгилей кетсек, Мьянмада бийлик менен этникалык кытайлыктардын ортосунда жаңжал жүрүп жатат. Козголоңчулар өздөрүнө автономия же эгемендик талап кылышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!