Дүйнөлүк желелер эмне үчүн пайда болгон?

22-Ноя. 2017, Шаршемби, 11:22

“Facebook” компаниясынын экс-президенти Шон Паркер дүйнөлүк желелердин эмне үчүн пайда болгону тууралуу өз оюн айтты. Анын айтуусу боюнча, иштеп чыгуучулар адам мээсинин начарлашын атайы пайдалана башташты. Фейсбуктун жардамы менен адистер дүйнөлүк желедеги пикирлер менен лайктар аркылуу адам мээсине таасир кылууну каалаган.

Алар убакыт өткөн сайын колдонучулар көбүрөөк маалымат алуулары керек деп эсептешет. Желе колдонучуларынын баардыгы жазуулары көп лайк жыйнап, пикир калтырганын жана дагы башкалардын өз баракчасына бөлүшкөнүн жакшы көрүшөт. Дүйнөлүк желелер адамдын кабылдоосуна тескери таасирин тийгизери далилденген.

Убакыт өткөн сайын адамдар дүйнөнү башкача көз караш менен көрө башташат. Шон Паркердин өзү “Facebook”тун балдар менен жаш өспүрүмдөрдүн мээсине кандай таасир берерин азырынча билбей турганын айтты.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!