Экологиялык стилде үйдү жабдуу

29-Ноя. 2017, Шаршемби, 16:01

Немистин атактуу окумуштууларынын бири Эрнст Генрих Филипп Август Геккель «экология» терминин ойлоп таап, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн байланышы катары колдонгондон бери экология илиминин диапазону кеңейип, өнүгүп келет. Аны курчаган айланага, тамакка, керек болсо кийим кийүү стили менен үйдү жабдууга колдонууга болот.

Бүгүн биз экологиялык стилдеги үй жабдыктарын кандай пайдаланууга болоору тууралуу сөз кылабыз.

Бул стиль, негизинен жаз мезгилине ылайык. Себеби үйдүн терезелери ар дайым ачык болгондуктан, көчөдөгү чаң-топурак үйгө кирет. Ал эми экологиялык стилдеги заттар жууп-сүрткөнгө, кыгып-силккенге ыңгайлуу келет.

Эгер аталган стилди кааласаңыз, заманбап металл-пластиктен жасалган заттарды унутпаңыз. Бирок, экологиялык стилди колдонуу жалаң жыгачтан жасалган эмеректи сатып алуу гана эмес, үй ичин таш, айнек, керамикалык буюмдар менен кооздоо болуп саналат.

Ошондой эле кантри стилиндеги сандык, килем сыяктуу жөнөкөй, бирок функционалдуу нерселерди да колдонууга болот. Кол өнөрчүлүк буюмдарын айылдагы тууган-уруктардан алдырууңузга же болбосо килем, палаз токуган чеберлерге тапшырык берсеңиз болот.

Эмерек жыгачтан жасалганы менен анын канча түрдүү оюулары менен кооздолгон кымбат эмес, тескерисинче, кадимки усталар жонуп жасаган, бир шумдук түр ушул стилге кирет.

Отургучтар менен дивандар, жаздыктар пахта, зыгыр, холст кездемелери менен капталат. Экологиялык стилдин башкы идеясы - табигатка жакын болуу, адамдын туура дем алуусуна жагдай түзүү.

Ошондуктан буюмдардын, туш кагаздын өтө кызыл эмес, табигый, жанга жагымдуулук тартуулаган жашыл, көк, саргыч, ачык коңур түстөрүн тандаган жакшы.

Дубалга натюрморт, токулган панно же болбосо өз колуңуз менен кагаздан жасалган коллажды илген жарашыктуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!