Тойдо ысырап кылгандардын баары бактысызбы?

Тойдо ысырап кылгандардын баары бактысызбы?
29-Ноя. 2017, Шаршемби, 16:23

Британдык окумуштуулардын жаңылыгы элди бир чети таң калтырса, бир чети күнүмдүк эле болуп жаткан окуя катары кабылдашууда. Өзгөчө той десе ичкен ашын жерге койгон, баарын той үчүн чачкан кыргыз эли үчүн бул ачылыш сабак болот дейбиз.

Британ окумуштуулары нике кыюу расмийи менен үйлөнүү той үчүн көп акча жумшагандардын никеси узакка созулбайт деген ойду билдиришкен.

Уулу Британияда жүргүзүлгөн изилдөө жумушу никенин узактыгы тойго жумшалган каржы менен өлчөнөт деген жыйынтык чыгарышты. Эң кыска нике – каражат көп жумшалган тойдун ээлери экен. Статистикада тойго өтө аз конок чакырылып, акча аз жумшалган тойдун себепкерлери узак убакыт бирге жашай алышат деп көрсөтүлгөн.

Алар мындай жыйынтыктын себептерин талдап да беришти: той салтанатына жумшалган каражаттын көптүгү жаңы гана куралган үй-бүлөнүн жагдайын андан ары кыйындатып жиберет, оорчулук башталганда үй-бүлөлүк жашоонун келечеги да бүдөмүк.

Ал эми лимузин менен кымбат той кооздуктарынан, чоң тойканадан баш тартуу – жаш жубайлардын той-аштан гана эмес, туруктуу шериктештик менен күнүмдүк турмушка даяр экендиктерин көрсөтөт. Өзгөчө, тойлорун чет жерде өткөргөн үй-бүлө карызга белинен батат. Бал айы бүтө электе башталган каржы маселеси карым-катнашка көлөкөсүн түшүрөт. Мунун баарын окумущтуулар көптөгөн тажрыйбалык иштер, жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянып билдирүү жасашкан. Сиз кандай ойлойсуз?

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!