Жеңилдетилген шартта 25305 унаа ээлери өзүлөрүнө каттатышты

2-Май 2018, Шаршемби, 09:48

Мамлекеттик унаааларды жеңилдетилген шартта кайра каттоо өнөктүгү башталгандан бери 25 305 унаа ээлери унааларын өздөрүнө каттатышты. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Анда, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин маалыматы боюнча өнөктүктүн өткөрүлүшү менен транспорт каражаттарын өздөрүнө каттатуу боюнча кайрылгандардын саны үч эсе көбөйгөнгөнү кабарланган.

«Унаа» автоматташтырылган маалымат тутумунда мурдагы ээси көрсөтүлгөнүнө карабастан, акча каражатын үнөмдөө максатында сатуу жана сатып алуу учурунда унааны өздөрүнө каттатпастан, ишеним каттын негизинде унаага ээлик кылуу көп жылдан бери көнүмүш адаттка айланган.

Жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча атайын техникалык каражаттар тарабынан жазылган администрациялык укук бузуулар жөнүндө билдирүүлөр «Унаа» автоматташтырылган маалымат тутумунда көрсөтүлгөн расмий ээсине жөнөтүлөт.

Мамлекеттик унаааларды жеңилдетилген шартта кайра каттоо өнөктүгүнүн башталышы менен унаа каражаттарын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде ээлик кылгандардын саны азайып, иш жүзүндө ээсине катталууда.

Белгилей кетсек, өнөктүктүн алкагында транспорт каражаттарын каттоодо транспорт каражатынын орточо базар наркына карата аныкталган тарифтик торчо менен аныкталуучу кайра каттоодо – алынуучу 1 % жыйым 0,1% түшүрүлүп, он эсе арзандаган.

Жарандардын акча каражатын үнөмдөө максатында, автоунааларын кайра каттаттууда мурда колдонулган номердик белгилер акысыз берилип, жеңилдетилген кайра каттоо өнөктүгү убагында, жарандын өз каалоосу менен каттоо документинде «өзгөчө белгилери» графасына тийиштүү жазуу калтыруу менен, тех паспортту калтырып коюу мүмкүнчүлүгү бар. Бул учурда, каражатынын жаңы ээси боюнча маалымат «Унаа» автоматташтырылган маалымат тутумунда жазылып, транспорт каражатынын ээси жөнүндө электрондук маалымат базасы түзүлөт. Эгерде автоунаа ээси өлкө аймагынан чыга турган болсо, транспорт каражатын каттоо күбөлүгүн (тех паспорт) жаңысына алмаштыруу зарыл. Ээси жөнүндө маалымат «өзгөчө белгилери» графасында көрсөтүлгөн техникалык паспорттор Кыргыз Республикасынын гана аймагында гана жарактуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!