​“Коркут Ата” спектакли Түркияга коюлат

13-Май 2017, Ишемби

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры Кайрат Иманалиевдин калемине таандык “Коркут Ата” спектакли менен 14-22-майга чейин Түркия мамлекетинин Мерси, Адана шаарларында өтө турган “III Түрк дүйнөсү” эл аралык театр фестивалына аттанышат. Бул тууралуу театрдын билдиришти.

Театр буга чейин аталган спектакль менен Казакстандын Чымкент жана Түркстан шаарларында өткөн Ж.Т.Шаниндин 125-жылдык мааракесине арналган түрк тилдүү мамлекеттердин “Театр жазы-2017” Эл аралык фестивалына катышып, бир катар мамлекеттердин арасынан 2-орунду багындырып келишкен.

“Коркут Ата” адамдардын аң-сезимине дүрбөлөң салуучу, оомал-төкмөл дүйнөдө кандай даражадагы адам болбосун акыры өлүм анын эшигин черте турган күн келерин эскертүүчү философиялык чыгарма. Ал "Коркут ата" деген ысымы менен жалпы түрк дүйнөсүнө таанымал, 9-кылымда жашап өткөн даңазалуу кыл кыякчы, дастанчы, күүчү болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!