Уйкусуз түндөр, бири ыйласа калгандары карап турбаган, бири ойгонсо, кийинкилери да кошо турган, бири күлсө баары күлгөн, айтор ушундай жагымдуу түйшүктү тартуулаган төрт эмдер эки жыл мурун 9-апрелде Гүлайым Абдылдаева менен Нурлан Зарнаевдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Учурда балдар бала бакчага кадам таштоо алдында турса, апасы “Баатыр эне” наамын алуу алдында турат. Биздин чыгармачыл жамаат да төрт эмдердин күлкүсү жаңырган үйгө баш бакты.
Кыргызда эгиз, үч эм, төрт эмдердин төрөлүшү жакшы жышаан катары жорулган. Аларды көздөн далдоо кармап, көпчүлүккө көрсөтпөй багышкан. Биздин каармандарыбыз болгон төрт эмдер төрөлгөндө ошол кезде бийлик жашында турган кишилердин урматына Алмазбек (президент), Асылбек (ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрага), Кубанычбек (Бишкек шаарынын экс-мэри), Камчыбек (Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси) деген ысым ыйгарылган.
Балдардын апасы Гүлайым күтүлбөгөн бакыт тартуулаган наристелердин төрөлүшүн күтпөгөнүн айтат.
“Капыстан эле боюмда болуп калганын билгенден кийин алдырып салайын деп ооруканага баргам. УЗИге түшкөндө эгиз деп айтканынан, бул оюуман кайткан болчум. Төрт эмдерден улуусу булардан 1 жаш эки ай эле улуу болгондуктан кантип багам деген ой болгон. Каттоого туруп беш ай болгондо кайра УЗИге түшсөм үч эм дешти. Төрөлөрүнө аз убакыт калган 30 жумалыгында төрт эм экенин айтышты”,-деди.
Учурда бактылуу эне жети уулду тарбиялап жатат. Балдардын апасы ушул аралыкта “Баатыр эне” наамын алганы турат. Ал кесиби боюнча Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда лаборант болуп иштеген. Жолдошу куруучу болуп эмгектенет.
Наристелер төрөлгөндө бийлик тарабынан, жеке топтор тарабынан түрдүү жардамдар көрсөтүлгөн. Учурда балдар сегиз миң сомго чукул жөлөк пул алышат.
“Бишкек мэриясынан 100 миң сом өлчөмүндө акча беришкен. Президентибиз Алмазбек Атамбаев тарабынан Туңгуч кичи районунан эки бөлмөлүү батир белекке беришти. Ага чейин туугандарыбыздын үйүндө жашачубуз. Өзүм иштеген жерден памперс, жалаяк, коляска сыяктуу балдарга зарыл буюм-тайымдар менен камсыз кылып турушту”,-деди балдардын апасы.
Жагымдуу түйшүк
Ата-энелер балдарынын бири ыйласа жапырт баары ыйлаган, бир ойгонсо калгандарынын да уйкусу ачылган, бири ооруп калса, калгандары “карап турбаган” күндөрдү башынан кечирген.
“Туугандарыбыз эки-үч күнгө келип жардамдашып турушту. Бирок ар биринин өз жашоосу, өз түйшүгү болгондуктан көп турчу эмес. Негизинен балдарды улуу агалары, атасы болуп бирибиз уктатсак, бирибиз тамак берип, айтор көптөп чоңойттук. Балдарыбыздын улуусу бешинчи класста, экинчиси төртүнчү класста окуйт. Андан кийинкиси үч жашта болсо, кенжелери болгон төрт эмдер эки жаштан эми гана өтүп калышты”,-дейт.
Өң-түстөрү окшош, мүнөздөрү ар кыл
Гүлайымдын айтымында, балдардын өңдөрүн өзгөлөр айырмалай албаганы менен мүнөздөрү ар кыл.
“Алмазбек чырлуу, айтканын дароо жасаш керек. Асылбек абдан позитивдүү, Кубанычбек тырышчаак, эң эле жоошу Камчыбек. Камчыбектен айырмаланып үчөөсү бат эле ыйлап, кайра бат эле соорошот. Ар убак алардын оюу менен болуу керек. Камчыбек болсо ар дайым акырын, бир калыпта жүрөт. Ошол себептүү үчөөсүн бешикке бөлөп, төртүнчүсүн бош бактым”,-деди.
Жооптуу этаптан оңой өттүк
Наристелер төрөлгөн алгачкы күндөрдө эне жүрөгүн тымызын коркунуч бийлеп турган. Ал төртөөсү бир убакта төрөлгөндүктөн өсүп-жетилүүсү бир калыпта болобу, бири эрте басып, экинчиси кеч калабы деген тымызын коркунуч болчу. Бирок эки жашка чейинки эң кыйын этаптан оңой өттүк дейт апасы.
“Өзүм иштеген мекеменин директору Камчыбек Узакбаев бизге ар дайым көз салып, медициналык жактан такай байкоо салып турушту. Байма-бай үйгө дарыгерлерди, массажисттерди жиберип, алар балдарды текшерип, массаж жасап турушту. Балдар өсүү процессинде абдан жакшы камкордукта болду. Ошол себептүү баары убагы менен отуруп, убагы менен жөрмөлөп, убагы менен басып кетишти. Бир жаш эки айында басышты”,-дейт.
Кыйынчылык артта калды, бала бакчага барабыз
Гүлайымдын бир күндүк түйшүгү жарым күнгө чамаланган. Анткени оң колдору болгон эки уулу түштөн кийин сабакка кетишет. Ага чейин үй жумуштарын бүтүрүп, төрт эмдердин курсагын тойгузуп, кийимин жууп, айтор баарына жетишүү керек.
“Улуу уулдарым түштөн кийин мектепке баргандыктан таң эртеден баштап түшкү саат бирге чейин үйдөгү бардык жумуштарды бүтүрүп, балдардын курсагын тойгузганга жетишип калышым керек. Аялдын үйдөгү түйшүгү түгөнбөйт эмеспи. Убакытты үнөмдөп балдарга эки-экиден тамак берем. Көп балалуу болуп, түйшүк көбөйгөндө адам өзүнөн өзү эле ылдам кыймылдап кыска убакытта көп жумуштарды бүтүргөнгө үлгүрүп калат экен. Балдар жайкы каникулга тараса төрт эмдерге тамакты өздөрү жегенге үйрөтөйүн деп турам. Буюрса жай айларында бала бакчага барабыз деп турабыз”,-деди балдардын апасы.