Бишкектин «Дыйкан» базары жабылат

23-Май 2017, Шейшемби

Үстүбүздөгү жылдын 24-майынан тарта Бишкектеги «Дыйкан» базары жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта ылайык, «Дыйкан-Пишпек муниципалдык соода комплексин жабуу боюнча» мэриянын ушул жылдын 11-апрелде чыккан буйругуна ылайык базардын иши токтотулган.

Мунай базасы базарга жакын жайгашкандыктан адамдардын коопсуздугуна коркунуч туудурат. Андыктан жарандардын коопсуздугун алдын алыш үчүн базар жабылмакчы. Бул боюнча Ленин райондук администрациясы тарабынан соодагерлерге эскертүү берилген.

Мэрия шаардын тургундарын жана конокторун айыл-чарба азыктарын «Дордой-Дыйкан» жана «Сары-Өзөн» базарларынан сатып алууларын эскертет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!