Үйдү жарык кылуунун 5 идеясы

26-Май 2017, Жума

Табигый жарыкты, ачык түстү кездемелерди туура пайдалануу жана жакшы тандалган эмерек үйүңүздү андан бетер ачык жана жайлуу кыла алат.

Күн нурларын киргизебиз
Эртең менен парданы ачууну унутпаңыз жана терезенин рамаларынын өңүн (эгер ал пластик болбосо) боёңуз. Бөлмөнүн эң ачык жери ар дайым көп көңүлдү өзүнө каратат. Парданы тандап жатып ачык бирок табигый өңдөгү түстөрдү тандаңыз.

Көңүлдү көтөрү
ш үчүн көп өлчөмдө жарык керек
Чоң бөлмөлөрдүн төбөсүндөгү люстранын ордуна дубалдарга бир нече шамдарды орноткон жакшырак. Эгер бөлмө караңгыраак болсо жарык төбөдөн келгендей кылып орноштуруңуз.

Жарыкка акцент коёбуз
Көбүнчө жарыктын кошумча булактарынан баш тартып келебиз, анткени зымдар менен жумуш иштегибиз келбейт. Ушул маселени чечүү үчүн батареялар менен иштеген жарык диоддуу кичинекей шамдарды колдонуу керек. Аларды шкафка же болбосо тескерисинче анын астына орноштурсаңыз болот. Кыялдарыңызды жараша кооздоңуз ал өз эркиңиз.

Сыйкыр көбүрөөк болсун
Терезеге жылт-жылт эткен гирлянда илип коюңуз. Аны жаңы жылдык майрамдан кийин дароо чечүүнүн кажети жок. Жылдын башка да мезгилдеринде сырдуу отторго карап, кыялданууга болбойт деп ким айтты?

Түстүү чечим
Ак жана ак сары түстөрүн дубалдарга илип коюу айлананы кең жана ачык кылып көрсөтөт. Бирок сиз бөлмөнү башка да ачык түстөр менен: жашыл, кызыл, сары, ачык кызыл же болбосо көк түстөрү менен түрдүү кыла аласыз.

Кеңеш:
Керектүү жарыктандырууну жасаганга шамдарды туура тандаган маанилүү. Төшөк башындагы шамдар үчүн бермет таштары менен кооздолгон шамдар болот. Күн шооласынын жетишпөөчүлүгүнун ордун толтуруу үчүн галогендүү шамдарды, ал жумшагыраак жарыктандыруу үчүн күчтөндүрүүчү шамдарды колдонгон туура.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!