Кылмышка шектүү жаран кармалды

25-Май 2017, Бейшемби

Караколдо 24-жаштагы жаран бир нече уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук Ичики иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каракол ШИИБне жергиликтүү тургуну кайрылып, май айынын баш ченинде белгисиз адамдар, үйүндө адам жоктугунан пайдаланышып, терезе аркылуу киришип, 2 даана «Самсунг» жана 2 даана «Нокиа» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун уурдап кетишкендигин билдирген.

«Бандит» жана «Нелегал» операциясынын жүрүшүндө милиция кызматынын изкубарлары кылмышка шектүү катары, мурда уурулук фактысы менен соттолуп келген Бостери айлынын тургуну О. уулу Нурсултанды кылтакка илишкен.

Алгачкы суракта, кармалган адам аталган кылмыш боюнча толугу менен өз күнөөсүн мойнуна алган.

Андан аркы жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш аракеттердин натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары кармалган жаран дагы бир катар уурдоо фактысын жасангандыгын тастыкташты. Алып айтканда, уурулук үчүн шектелип жаткан адам Каракол шаарынан кошумча 2 уурдоо фактысын кылгандыгын мойнуна алды. Апрель айынын баш ченинде ал алтын жасалгаларын, «Микромакс», «Нокиа» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун жана «T32HM3G» үлгүсүндөгү планшетт уурдагандыгы ашкерленген.

“Мындай уурдоо фактылары боюнча КЖКнын “уурдоо” беренеси менен кылмыш иштери козголуп, шектүү катары кармалган адам Каракол ШИИБнүн УКЖга киргизилди”,- деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда анын дагы башка уурдоо фактыларына тиешеси бар жөнүндө тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!